Маалыматка караганда, төрт айлык боюнда бар аял никесиз жашаган киши менен бирге баласын 9 миң долларга сатууну көздөгөн. Түгөйлөр алдын ала 6 миң доллар алып жатканда кармалып, кылмыш иши козголду.
Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө акыркы үч жылдын ичинде бала сатууга байланышкан 185 факты катталган.