Ссылки доступа

Швецияда өзбекстандык укук коргоочу жөнүндө документалдык тасма тартылды


Швециянын SVT улуттук телеканалы Auto Images AB, Film i Skåne жана норвегиялык UpNorth Film Studios компаниялары менен биргеликте өзбекстандык укук коргоочу Дилобар Эркинзода жөнүндө документалдык тасма тартты.

«Үмүтсүз шайтан» деп аталган тасмада Эркинзоданын «Терроризм» беренеси боюнча соттолгон агасынын тагдыры жана укук коргоочунун Швецияга келиши тууралуу баяндалат.

Дилобардын бир тууган агасы Искандар Худайберганов 2002-жылы Ташкенттеги өкмөттүк имаратка кол салуу болгондон кийин терроризм айыбы менен өлүм жазасына кесилген. Бирок көп өтпөй эл арасында «кыйноолор аралы» деп аталган «Жаслык» түрмөсүнө камалган. Эркинзода Өзбекстандан үй-бүлөсүнө коркунуч жаралганда чыгып кетип, 2008-жылы Швециядан башпаанек сураган.

«Бул Өзбекстандагы репрессиялардын бир мисалы. Тасмада агамдын түрмөгө камалышы, менин Швецияга качып келгеним жөнүндө айтылат. Өзбекстанда агам менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон эмес, биз көп убакытка чейин анын өлүү же тирүү экенин биле алган эмеспиз. Ал башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрдү. Бирок үмүтсүз шайтан деп коюшат эмеспи, акыры агам түрмөдөн чыкты», — деди Эркинзода.

Ал Өзбекстанда азыр деле адилетсиздик бар экенин, агасы эркиндикке чыкканына карабастан, аны менен жолуга албай жатканын белгиледи. «Агама карата актоо өкүмү чыга элек. Ал бул жерге келе албайт, мен Өзбекстанга бара албайм», — деп кошумчалады Эркинзода.

Швециялык продюсер Магнус Герттен бул тасманы тартуу идеясы 2016-жылы Дилобар менен алгачкы жолу жолуккандан кийин пайда болгонун билдирди. «Дилобар Андерсендин жомогунда Кайды куткарып калган Герда сыяктуу чечкиндүү. Анын ата-энеси ИИМде суракка алынган. Апасы жүрөгү кармап жыгылып, атасы катуу сабалган. Агасынын досун анын көзүнчө кыйноого алышкан», — деди Герттен.

Бир жарым сааттык «Үмүтсүз шайтан» тасмасы 2020-жылы ноябрда Швециянын Мальмё шаарындагы фестивалда баш байгеге ээ болгон. Быйыл февралда ал Гаагадагы документалдык тасмалардын фестивалында көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG