Ссылки доступа

Абдил Сегизбаев «Белизгейтке» байланыштуу камалды


Башкы прокуратура 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча камалганын билдирди.

Мекеменин 25-январдагы маалыматында УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганы айтылат. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганы жазылган.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Сегизбаевден башка шектүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүнө караганда, 14-январда «Белизгейт» боюнча мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусу менен иш Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүүгө алынган.

25-январда Сегизбаев УКМКда бир нече саат сурак берип жатканы кабарланган.

Ошондой эле «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери, депутат Шыкмаматовдун «Белизгейт» боюнча мурда Башкы прокуратурага жазган арызы кайрадан тергелип жатканы белгилүү болгон.

2016-жылы УКМКны жетектеген Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылганы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн парламентте жарыя кылган.

Ал сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок болуп чыккан.

Башкы прокуратура 22-январда Сегизбаев Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схемага байланыштуу шек саналып жатканын жана тиешелүү материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдаган.

Сегизбаев буга өзүнө карата козголгон кылмыш иши Жазык кодексинин «Коррупция» беренесине «дал келбейт» деп жооп кайтарган. Ал 22-январдагы басма сөз жыйында өзүн камоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айткан:

"Биринчиден, тапшырманы аткарып атышат. Жазга чейин эмне болсо да мени камап, тынчытыш керек болуп атат. Андан кийин отчетун беришет да. Камалды деп. Экинчиси, эртең-бүрсүгүнү да бирдеме алып чыгабы деп коркуп атышат. Дебатта көп нерсе айтылып кетпедиби. Болгон нерселердин баарын айттым. Кандай коррупция, кандай ишмердүүлүк болгонун. Бийликке келгендердин. Дагы бирдемени чукуп чыгат деп коркуп атышат. Үчүнчүдөн, бул- саясий өч алуу", - деген Сегизбаев.

УКМКны 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген Сегизбаев 10-январдагы президенттик шайлоодо ат салышып, 1,46% добуш алган.

XS
SM
MD
LG