Ссылки доступа

Навальныйдын тарапташтары акциялар 31-январда өтөрүн жарыялашты


Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылган кийинки нааразылык акциялары 31-январда өтөт. Бул тууралуу Навальныйдын аймактык штабдан түйүнүнүн башчысы Леонид Волков билдирди.

Ал мындай Орусиянын бардык аймактарында өтчү акция 2-февралдагы Алексей Навальныйдын сотунун алдында пландалганын билдирди.

«Сот жакындаганда биздин талап дагы катуураак угулат. Ал эми Москвадагылар 2-февралда сотко да албетте келишибиз керек», - деди Волков.

Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган. Учурда оппозиционер Москвадагы «Мастросская тишина» аттуу тергөө абагында кармалып турат.

23-январда Орусиянын бир нече шаарында Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө 3500дөй адам кармалганы белгилүү болду.

Орус президенти Владимир Путин 25-январда акция боюнча суроого жооп берип, мыйзамсыз аракеттердин кесепети оор болорун эскертти.

XS
SM
MD
LG