Ссылки доступа

Казакстанда мунайчылар иш таштоону улантышууда (видео)


Актөбө облусунун Көкжиде кениндеги иш таштоо эки күндөн бери уланууда. Мунайчылар айлык акыны 100 пайыз көбөйтүүнү талап кылышууда.

25-январда 200 мунайчы чогулган, тараптар макулдаша алган эмес. Шейшембиде "КМК-Мунай" компаниясынын президенти Ван Цзиньбао мунайчылардын айлык акысын 20 пайызга көбөйтүүгө макулдугун билдирген. Бирок жумушчулар буга макул болгон жок.

Мунайчылар маянаны көбөйтүүдөн тышкары эски жатакананы мунай скважинасынан алыс көчүрүүнү, ашканадагы тамак-аштын сапатын жакшыртууну, кесиптик кошуун менен камсыздоону да талап кылышууда.

”КМК Мунай” компаниясы Көкжиде, Кумсай кендеринде мунай өндүрөт. 2004-жылы түзүлгөн бул компанияда 400гө жакын киши иштейт.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG