Ссылки доступа

Германияда террорчулукка айыпталган тажик жараны 7 жылга соттолду


Германиянын Дюссельдорф шаарынын соту 26-январда Тажикстандын жаранын “Ислам мамлекети” террордук тобуна мүчө болгон деген айып менен 7 жылга эркинен ажыратты.

Associated Press агенттиги билдиргендей, 31 жаштагы Равшан аттуу жигит башка жердештери менен бирге Германия жана Албанияда теракт уюштурууну пландаган.

Маалыматка караганда, Тажикстан жараны өкүм чыгар алдында күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, жасаган иштери үчүн өкүнө турганын билдирген. Прокурор аны 8,5 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Равшан 2019-жылы кармалган. Бир жылдан кийин – апрелде дагы төрт тажикстандык кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча алар Түндүк Рейн регионунун бир нече шаарларында теракт жасоону пландашкан.

Немис басылмалары соттолуучу Сирия жана Ооганстандагы террордук уюмдар менен байланышта болгонун жазышты. Равшандын колго бомба жасоо боюнча телефон аркылуу башка бир топтон кеңешме алып турганы да аныкталган.

Тергөөнүн материалдында ал 2019-жылы январда Албаниянын ишкерлеринин бирин өлтүрүү боюнча буйрук алганы, бирок тапшырманы жүзөгө ашыра албай калганы жазылган.

XS
SM
MD
LG