Сенаторлордун көпчүлүгү (65и) сот жүрүмүн баштоону жактап добуш берди, ал эми 45 сенатор каршы чыкты. Бул каршы добуш берген сенаторлордун бардыгы тең республикачылар болду.
Шейшембидеги добуштук көрсөткүч сакталчу болсо, анда мурдагы президент Трампты 6-январда Капитолийге барып тополоң кылган тарапташтарын «козголоңго шыкактады» деген доо боюнча импичмент аркылуу жазалоо аракети майнапсыз аяктачудай (бери дегенде 67 сенатор аны айыптуу деп добуш берүүгө тийиш)