Ссылки доступа

Блогер: Өзбекстанда ар бир акимдин медициналык өргүүсү үчүн бюджеттен 700 доллардан бөлүнгөн


Өзбекстанда 10 күндүк эмгек өргүүсүнө чыккан ар бир акимдин медициналык текшерүүдөн өтүүсүнө мамлекеттик бюджеттен 7 миллион сумдан ашык каражат (700 долларга жакын) бөлүнгөн. Бул тууралуу davletovuz сайтынын Telegram-каналы кабарлады.

«Алсак, Наманган облусундагы Уйчи районунун акими Апаковдун «Чинабад Плаза» санаторийиндеги дарылануусуна 7 млн 361 миң 660 сум (азыркы курс боюнча 699 доллар) кеткен. Ушундай эле жолдомону Навои облусундагы бир катар райондук акимчиликтер да алышкан. Каракалпакстандын министрлер кабинетине мындай төрт жолдомо берилген», – деп жазды davletovuz.

Өткөн жумада жергиликтүү басылмалар Өзбекстанда акимдер кезек менен кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып жатканын кабарлашкан.

Буга чейин социалдык түйүн колдонуучулары өлкө аймактарындагы акимдер медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Ташкентке келип жатканын сынга алышкан.

«Көрсө Кашкадарыя облусундагы шаарлар менен райондордун акимдери медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Ташкентке барышат экен. Эмнеге алар Кашкадарыянын өзүндө текшерилип, дарыланышпайт?», — деп жазган Фазлиддин Муминов аттуу дарыгер-блогер Telegram-каналына.

Видео

Видео

Баекова: Аскар Акаев мага басым кылган эмес
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:45:24 0:00
XS
SM
MD
LG