Ссылки доступа

Ливандагы акциялар учурунда 200дөн ашуун киши жабыркады


Ливандын Триполи шаарында коронавирустук чектөөлөргө каршы нааразылык акциялары учурунда 200дөн ашуун киши жабыркады.

Бийлик демонстранттарды кууп таратуу үчүн армияны колдонду. Ливан ИИМи билдиргендей, нааразылыктын катышуучулары полиция менен аскерлерге согуштук гранаталарды, мэрияга " Молотов коктейлдерин" ыргытышты.

Ливандын жакыр шаарларынын бири болгон Триполиде нааразылык жыйындары жума башында башталган. Демонстранттар жашоо шартын жакшыртууну, пандемияга байланыштуу киригилген коменданттык саатты жана башка катаал чараларды алып таштоону талап кылышууда. Алардын пикиринде изоляция экономикалык каатчылыкты жеңүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. Өлкөдө банк системасы дээрлик толугу менен ишин токтотуп, жашоочулардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөөдө жана криминалдык кырдаал курчуп баратат.

Нааразылык акциялары Ливандын башка шаарларында да өтүүдө.

Ливан бийлиги COVID-19 вирусунун жаңы толкуну тарагандан кийин – былтыр декабрдын ортосунда өзгөчө кырдаал абалын киргизген. Бардык жеке жана мамлекеттик ишканалар жабылган. Өлкөдө Сириядан жана Палестин автономиясынан качып келген дээрлик эки миллиондой качкын да жашап жатат. Бул өлкөнүн абалын ого бетер алсыратууда.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Ливияда 290 миң кишиден вирус аныкталып, 2500дөн ашуун бейтап көз жумду.

Видео

Видео

Президенттин корукта катылган хан сарайы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00
XS
SM
MD
LG