Ссылки доступа

Өзбекстанда мыйзамсыз алтын казган төрт кишини топурак басып калды


26-январда Жизак облусунун Галлаарал районундагы каралбай калган шахтада мыйзамсыз алтын казып жүргөн он жигиттин төртөөнү топурак басып калды.

Алардын экөө дароо көз жумуп, экөө ооруканага жеткирилген. Ооруканадагы жигиттердин биринин колу жана буту сынган, абалы өтө оор. Райондук прокуратура бул окуя боюнча териштирүү иштерин баштады.

Жергиликтүү тургундардын билдиришинче, бул аймакта мурда геологдор иштеп кеткен кароосуз калган кендер бар. Жумушсуздуктун айынан жергиликтүү тургундар ал жерге алтын издөө үчүн көп барышат.

Видео

Видео

Баткен: Аялдарды өзгөртүүнү каалаган блогер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:17 0:00
XS
SM
MD
LG