Novavax компаниясы тараткан маалыматка караганда, вакцина коронавирустун жаңы штаммына каршы күрөшүүдө таасирдүү, бирок Түштүк Африкада тараган мутациясынан коргоо даражасы төмөнүрөөк.
Компаниянын билдирүүсү саламаттык сактоо тармагындагы аткаминерлер коронавируска каршы вакциналар Улуу Британия, Бразилия, Түштүк Африкада аныкталган вирустун өзгөргөн түрүнө тиешелүү даражада таасир бере алабы же жокпу деп тынчсызданып жаткан маалда жарыяланды.
Апта башында Pfizer/BioNTech менен Moderna компаниялары алар чыгарган вакцина вирустун британ штаммынан коргоого кудуреттүү экенин, бирок Түштүк Африкадагы түрүнө каршы алсызыраак болуп жатканын билдиришкен. Өткөн жылдын соңунда аталган компаниялар вакциналардын эффективдүүлүгү 95 жана 94 пайыз экенин маалымдашкан.
Novavax компаниясынын иликтөөсү Улуу Британияда вирустун жаңы, жугуштуу түрү күч алып жаткан маалда жүргүзүлгөн. Сыноого 15 миңдей киши катышкан. Бул арада Түштүк Африкада жүргүзгөн иликтөөдө вакцина вирустан 60% гана коргой алары белгилүү болгон.