Ссылки доступа

Казакстанда «АМК Мунай» компаниясынын жумушчулары иш таштоону токтотушту


31-январда Казакстандын Актөбө облусундагы Башенкөл кенин иштеткен «АМК-Мунай» компаниясынын жумушчулары иш таштоону токтотушту. Бул тууралуу облустук акимчиликтен билдиришти.

- Жолугушуудан кийин «АМК Мунай» февралдан тартып ар бир кызматкердин айлыгына 40 миң теңгеден кошуп берүүгө макул болду. Мындан тышкары Нооруз майрамында жумушчулардын ар бирине айлыгынын 50% өлчөмүндө сый акы төлөнөт. Май айында «АМК Мунайдын» кызматкерлери менен жаңы эмгек келишими түзүлөт. Анда аймактагы мунай тармагындагы орточо айлык акы өлчөмү эске алынат», — деп билдирди акимчиликтин өкүлү.

Айрым маалыматтар боюнча, Башенкөл кени жайгашкан Темир районундагы мунай компанияларда орточо айлык акы 240 миң теңгеден 260 миңге теңгеге чейинки (566-614 доллар) сумманы түзөт.

Өткөн жумада Башенкөл кенинде иштеген 60ка жакын жумушчу айлыктарын 100% көтөрүүнү талап кылып, иш таштаган.

Башенкөл кени Корей улуттук мунай корпорациясынын (KNOC) курамына кирген ADA Oil казак-корей биргелешкен ишканасына таандык. Өз кезегинде ADA Oil кенди иштетүү үчүн «АМК Мунай» компаниясына берген.

XS
SM
MD
LG