Ссылки доступа

Өзбекстанда Мирзиёев катышкан жыйындагы сындан кийин дагы бир түрк сериалы эфирден алынды


Өзбекстанда «Sevimli TV» телеканалы бир жарым жылдан бери эфирден кетип жаткан «Канатсыз куштар» аттуу түрк сериалын көрсөтүүнү токтотту. Каналдын жетекчилиги бул чечимин «берүүлөр сеткасына өзгөртүүлөр киргизилгени» менен түшүндүрүүдө.

«Sevimli TV» телеканалынын кино редакциясынын кызматкери каналдын берүү сеткасы толук өзгөрүп, чет өлкөлүк сериалдар улуттук сериалдарга алмаштырылып жатканын билдирди.

Телеканал «Канатсыз куштар» сериалын көрсөтүүнү 29-январда токтотту. Көрүүчүлөр 2019-жылдын июнь айынан бери анын 91 сериясын көрүүгө жетишкен.

19-январда президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгында өткөн селектордук жыйында айрым телеканалдар чет өлкөлүк тасмаларды жана сериалдарды өтө көп көрсөтүп жатканы сынга алынган.

Бул өзбек телеканалдарында түрк сериалдары эфирден алынган алгачкы учур эмес. Өткөн жылы жайында «Абдулхамиддин тактыга болгон укугу» деген тарыхый сериалдын көрсөтүлбөй калышы көрүүчүлөрдүн нааразылыгын жараткан. Ага чейин «Sevimli TV» телеканалы «жогорку жактын буйругу менен» «Чуңкур» деген түрк сериалын көрсөтүүнү токтоткон. Анда буга тасмада зомбулук учурларынын көп экени себеп болгону айтылган.

2019-жылы «Zor TV» телеканалы «Кара сүйүү» (же «Чексиз сүйүү»/Kara Sevda) түрк сериалын эфирден алган.

XS
SM
MD
LG