Ссылки доступа

Улукбек Марипов: Өкмөттүн курамы кыскарат


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция 1-февралдагы жыйынында премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат

Жыйында депутат Абдывахап Нурбаев эгерде Марипов кызматка дайындалып калса, "өкмөттүн курамы азайабы, канча вице-премьер-министр болот?" деп суроо берди.

Улукбек Марипов өкмөт мүчөлөрүн 22ден 16га чейин кыскартуу тууралуу планы бар экенин билдирди:

«Бүгүнкү күндө өкмөттүн курамы абдан чачыранды. Бир топ вице-премьерлер бар. Эгер менин талапкерлигимди колдоп берсеңиздер өкмөттүн курамын, түзүмүн спикерге киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Анда өкмөт 22ден 16га чейин кыскарат. Өкмөткө караштуу мамлекеттик агенттиктер, фонддор, мекемелер боюнча кардиналдуу реформалар жүрөт".

Марипов реформанын жүрүшүндө Экономика, Каржы министрликтери менен кирешелер боюнча өкмөттүн алдындагы мамлекеттик органдар бириктирилип, блок түзүлө турганын, анын жетекчиси вице-премьер-министрлик макамга ээ болорун белгиледи.

Премьерликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуш кылган.

Азыр ал өзүнүн пландары тууралуу депутаттарга маалымат берип, суроолорго жооп берүүдө.

Көпчүлүк коалиция премьер-министрдин талапкерлигин, өкмөттүн жаңы курамын жактыргандан кийин, ал парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине жиберилет. Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Улукбек Марипов 41 жашта. Ал 2016-жылдын 19-мартынан бери Эсеп палатасын жетектеп келе жатат.

XS
SM
MD
LG