Ссылки доступа

Орусияда 1-февралдан баштап соцтармактардын контентине талап күчөйт


Орусияда 1-февралдан баштап соцтармактарга талапты катаалдаткан федералдык мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, соцтармак ээлери тыюу салынган контентти издеп, бөгөттөшү керек болот.

Мындан ары соцтармактарда уят сөздөргө жана уруксат берилбеген митингдерге чакырууга тыюу салынат. Буга чейин "Роскомнадзордун" позициясы менен дал келбеген “экстремисттик” материалдарды жарыялоого чектөө киргизген мыйзам да кабыл алынган.

Бийлик тыюу салган тексттерди өчүрүүдөн баш тарткан сайттын ээлерине 100 миң рубль, түйүнгө же видеохостингге юридикалык жак ээлик кылса, 3төн 8 миллион рублга чейин айып пул салынат. Эгер эреже бузуу кайталанса, түйүндүн ээси жылдык кирешесинин 20% ажыратылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG