Анын айтымында, Мирзоев Хожент шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан. Өткөн жумада ал пневмонияга шектелип облустук ооруканага жаткырылганы кабарланган.
«Шаршемби күнү Шахболанын дене табы жогорулуп, кускусу келип, өзүн жаман сезе баштаганда облустук оорукананын физиотерапия бөлүмүнө жеткирилген. Беш күн мурда ал реанимацияда болчу», — деди маркумдун апасы Зайтуна Мирзоева.
Ашт районунун тургуну Шахбол Мирзоев 2014-жылы мартта Чек ара кызматынын фельдшери тарабынан катуу сабалган. Жыйынтыгында анын моюну жана арка сөөгү сынып, жүлүнү жабыркап, санындагы муундары иштебей калган. Бул кылмышка күнөөлүү деп табылган фельдшер Усмонали Гайратов тогуз жылга соттолуп, кийинчерээк анын камактагы мөөнөтү жети жылга чейин азайтылган.
Шахбол Мирзоевге орусиялык дарыгерлер операция жасашкан. Бул үчүн анын ата-энеси жашап жаткан үйүн сатууга аргасыз болушкан. Бирок Мирзоев баары бир бутуна тура алган эмес.