Ссылки доступа

Чатактан кийин кунары учкан Чарбак айылы (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Чатактан кийин кунары учкан Чарбак. 2013-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Баткен районунун Чарбак айылында чыр чыгып, отуздан ашык адам барымтага алынып, кыйла ызы-чуу болгон. Айылга Өзбекстандын Ушар айылы аркылуу өтүп турган суу да, жол да ошол окуядан кийин жабылган. (видео)

- Туу көтөрөм деп келген памирлик Турганбай. 2017-жылдын октябрь айында Памирден Кыргызстанга көчүрүлүп келген бир ууч этникалык кыргыздардын арасында 16 жаштагы Турганбай Абдулвахид уулу да бар болчу. Азыр эр жетип, Нарындагы мектептин 9 жылдык окуу программасын үч жылда аяктап, Ишенаалы Арабаев атындагы университетте педагогика багытында билимин улантып жатат. (видео)

- Тажикстанда бардык мечиттер ачылды. (видео)

- Казакстанда «Спутник V» менен жапырт эмдөө башталды. Бул вакцина тууралуу өлкө тургундарынын пикири кандай? (видео)

- «Геноцид!» Алматыда Кытайдын консулдугунун алдына пикетке чыккан тургун кармалды. (видео)

- Үйүндө самын жасаган сузактык ишкер. Амантур Исраил уулу Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашайт. Мурда Орусияда миграцияда жүргөн жигит, азыр өзү жасап алган станок менен күнүнө миңдей самын чыгарат. (видео)

- Мигранттарды эмдөө: Москвада ал бекер болор бекен? (видео)

- Сайгактар: Борбордук жана Батыш Казакстанды бириктирген жолдун курулушу сайгактардын миграциясын бузушу мүмкүн. (видео )

- Крымдын мусулман айымдары хиджаб кийүүгө укуктуу экенин билдиришүүдө. (видео)

- Алматыда муктаж болгон жүз элүүдөй кишиге бекер түшкү тамак берилди. (видео Директ)

- «Мени эмне үчүн сабап жатасыңар?!» (видео)

- Орусияда митингге чыккандар кармалууда. (сүрөт баян)

- Грузияда 1-февралдан тартып карантиндик чектөөлөр жумшартылат. (видео)

- Навальныйды колдогон акциялар. (видео)

- Аутизм менен жабыркаган кишилерди сулуулаган чач тарач. (Тажикстандан видео)

- Азия 360°: Шахрихандын бычактары. (Настоящее время)

- Акаевден Жапаровго чейин. Кыргызстандагы инаугурациялардын таржымалы. (видео)

- Алматыда кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилүүдө. 1-февралдан тартып Алматыда кинотеатрлар, театрлар жана бала бакчалар жабылат. Соода борборлору иш күндөрү 10:00дөн 20:00гө чейин гана иштешет. Кафе-ресторандар кардарларга 50% гана толуп, 20:00дө жабылышы керек. Шаардагы бардык мекемелер кызматкерлеринин 80% аралыктан иштөөгө өткөрүүгө милдеттүү болушат. (видео)

- Тажикстанда блогерлерден салык алуу аракети көрүлүүдө. (видео)

- Кыргызстандагы инаугурациялардын таржымалы. (видео)

- АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ким? Сенат Энтони Блинкенди АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына бекетти. Ал кадрдык дипломат жана президент Жо Байдендин көп жылдардан берки кеңешчиси. (видео)

- Тажикстандын күч түзүм кызматкерлери митинг катышуучуларын кууп таратуу боюнча машыгуу өткөрүштү. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG