Ссылки доступа

Тажикстандын Башкы прокуратурасы камактагы оппозициячыл саясатчы сабалганын четке кагууда


Махмурод Одинаев

Тажикстандын Башкы прокуратурасы оппозициялык маанайдагы «Социал-демократиялык партиянын» камактагы теңтөрагасы Махмурод Одинаевдин сабалганын четке кагууда. Саясатчы акыркы сот отурумунда тергөө маалында сабалганын билдирген.

Одинаевдин жакындарынын айтымында, камактагы кыйноолордон улам саясатчынын арка сөөгү жабыркаган.

2-февралда өткөн басма сөз жыйынында өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон Одинаевди эч ким сабабаганын билдирди.

«Аны эч ким сабаган жок. Бул тууралуу айтылып жаткан маалыматтардын баары жалган жана чагымчылдык», — деди Рахмон.

Башкы прокурор Махмурод Одинаевдин күнөөлүү экенин ырастаган көптөгөн далилдер топтолгонун кошумчалады.

28-январда Рудаки райондук соту Махмурод Одинаевди 14 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны «Бейбаштык» жана «Экстремисттик ишмердүүлүктү ишке ашырууга ачык чакырык жасоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Саясатчынын жакындар сот чечими адилетсиз экенин, ал боюнча жогорку баскычтарга кайрыла тургандыктарын билдиришти.

2020-жылы 5-декабрда Тажикстандын Башкы прокуратурасы ноябрдын аягынан бери издөөдө жүргөн Махмурод Одинаев кармалганын кабарлаган. Көзөмөл органдын маалыматына караганда, ал 29-октябрда Гиссар шаардык аскер комиссариатына келип, уулу негизсиз түрдө аскерге чакырылганын билдирип, коомдук тартипти бузуп, бийлик өкүлдөрүн коркутуп-үркүткөн. Буга байланыштуу ага каршы «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Январдын ортосунда прокуратура Одинаевге «Экстремисттик ишмердүүлүктү ишке ашырууга ачык чакырык жасоо» беренеси боюнча жаңы айып тагылганын кабарлаган.

Тажик оппозициясы саясатчыга карата кылмыш иштери саясий негиздер менен козголгон деп эсептөөдө. Одинаев былтыр ноябрдын ортосунда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Душанбенин мэри Рустам Эмомалиге кайрылып, шаардын борбордук бөлүгүндө нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат сураган.

Видео

Видео

Баекова: Аскар Акаев мага басым кылган эмес
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:45:24 0:00
XS
SM
MD
LG