Ссылки доступа

Түркмөнстанда чет өлкөгө акча которуудагы чектөөлөрдөн улам жарандар кыйынчылыктарга туш болууда


Түркмөнстанда Western Union системасынын ишиндеги чектөөлөрдөн улам балдары чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларда билим алып жаткан ата-энелер акча которууда кыйынчылыктарга кабылууда.

Буга нааразы болгон жарандар тобу Борбордук банктын имаратына барып, түшүндүрмө талап кылышты. Алардын алдына чыккан банк кызматкери чектөөлөрдү Түркмөнстанда валютага байланышкан кыйынчылыктар болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Өткөн жумада Түркмөнстандагы банктар Western Union системасы аркылуу бир айдын ичинде чет өлкөгө которууга мүмкүн болгон сумманы 200 доллардан 50 долларга чейин төмөндөтүшкөн.

Ал ортодо «Сенагат» банкы акча которууну каалагандар көп болуп кеткенин билдирип, кайрылган кардарлардан кийинки жумада келүүнү өтүнүүдө.

Western Union системасынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Түркмөнстанда «Түркмөнбашы», «Сенагат» жана «Түркмөн-түрк» коммерциялык банктары аркылуу 90дон ашык тез акча которуу жайлары бар.

Бир канча жылдан бери экономикалык каатчылыкты башынан кечирип жаткан Түркмөнстандын бийлиги өлкө сыртына акча которууга дайыма чектөөлөрдү киргизип келет. Чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда билим алган студенттердин ата-энелери балдарына акча которуу үчүн бир катар документтерди, анын ичинде ЖОЖдордон берилген маалымкаттарды көрсөтүшү керек.

XS
SM
MD
LG