Маалыматка караганда, бийлик мындай жол менен аскер бөлүктөрүнөн форма уурдап сатып жаткан жоокерлердин изине түшүүгө аракет кылууда.
Күбөлөрдүн айтымында, аскердик форма саткандарды аныктоо боюнча рейддер 29-январда башталган. «Алар аскер кийимдерин кийип жүргөн же сатып жаткан соодагерлердин мындай товарларын алып, өздөрүнө айып пул салып жатышат», — деди күбөлөрдүн бири.
Жериликтүү тургундар аскер формасы жакшы сатыларын, анткени аны жеткиликтүү баада сатып алса болорун билдиришүүдө.
Акыркы төрт жылдын ичинде Түркмөнстанда майда уурулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган аскер жетекчилер көбөйгөн.