Ссылки доступа

Тажикстандын «Амонатбанкында» дээрлик $4 млн. каржы алдамчылыгы аныкталды


Тажикстандын Эсеп палатасы мамлекеттик «Амонатбанкта» аудитордук текшерүү жүргүзүп, 41 миллион сомони (4 миллион доллар) өлчөмүндөгү каржы алдамчылыгын аныктады.

Мекеменин маалыматына караганда, текшерүү банктын 2018-2019-жылдардагы жана 2020-жылдын биринчи жарымындагы ишмердүүлүгүн камтыган.

Эсеп палатасынын башчысы Карахон Чиллазоданын айтымында, мыйзам бузуу учурларынын көбү банктын Душанбедеги №5 бөлүмүнө туура келет. Анда акча каражаттары кардарлардын уруксаты жок алардын эсебинен чыгарылып алынып турган.

«Иштин материалдары Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, кылмыш иши козголду. Банктын аталган бөлүмүнүн жетекчиси, башкы эсепчиси жана казыначысы камакка алынды», — деди Чиллазода.

Азырынча «Амонатбанктын» расмий өкүлдөрү Эсеп палатасынын бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин Эсеп палатасы 2018-жылы «Амонатбанктын» бир нече кызматкеринин 16 миллион сомонини (1,4 миллион доллар) кымырып алганы аныкталганын билдирген.

2019-жылы өлкөнүн Каржы полициясы аталган банктын мыйзамсыз каржы операцияларын жүргүзүүгө шектелген эки кызматкерин кармаган.

«Амонатбанк» Тажикстандагы ири мамлекеттик банк болуп эсептелет. Бул банк аркылуу пенсиялар жана бюджеттик кызматкерлердин айлыктары төлөнөт.

XS
SM
MD
LG