Ссылки доступа

Түркмөнстан дүкөндөрүндө азык-түлүк тартыш болууда


“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, күн сайын жүздөгөн киши азык-түлүктүн келишин күтүп мамлекеттик дүкөндөргө кезекке туруп, үйлөрүнө куру-жалак кетишүүдө.

Мары облусунда нан айрым мамлекеттик дүкөндөрдө гана сатылууда.

Полиция Марыдагы базарда кезек учурунда кишилер мушташып кетпеши үчүн көзмөл жүргүзүүдө.

Түркмөнстанда мамлекеттик дүкөндөргө караганда жеке дүкөндөрдө азык-түлүктүн баасы бир нече эсе жогору.

XS
SM
MD
LG