Ссылки доступа

Казакстан Freedom House уюмунун «трансулуттук кылмыштар» тууралуу баяндамасына кирди


Дүйнөдө ондогон өлкөнүн бийлиги сыртка чыгып кеткен жарандарын куугунтуктап, зордук-зомбулук көрсөтөт. Бул тууралуу Freedom House эл аралык укук коргоо уюмунун «трансулуттук кылмыштар» тууралуу баяндамасында айтылат.

Анда Кытай, Түркия, Руанда, Сауд Арабиясы, Орусия жана Иран жөнүндө кеңири жазылган. Эксперттердин пикиринде, бул өлкөлөр «трансулуттук кылмыштарды көбүрөөк жасаган» өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турушат.

Баяндамада Казакстан жөнүндө да айтылып, бул өлкө сыртка чыгып кеткен жарандарын, анын ичинде бозгунда жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязовду (мекенинде ири суммада акча кымырууга айыпталган) жана анын жакын санаалаштарын куугунтукка алганы белгиленген. Мисал катары 2013-жылы саясатчынын аялы менен эрезеге жете элек кызынын Италиядан күч менен Казакстанга жеткирилгени жазылган. Аларга алты айдан кийин гана өлкөдөн чыгууга уруксат берилген.

Баяндамада ошондой эле казак бийлигинин өтүнүчү менен блогер Муратбек Тунгишбаевдин Бишкекте кармалып, Казакстанга өткөрүлүп берилгени белгиленген. Ага мекенинде «экстремисттик» уюм катары тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына тиешеси бар деген айып тагылган. Ошол эле маалда Европарламенттин 2019-жылдагы резоюциясында бул кыймыл «тынч оппозициялык уюм» катары мүнөздөлгөн.

Мындан тышкары баяндаманын авторлору Казакстанда Кытайдан качып келген шинжаңдык казактар кармалганын белгилешкен.

Былтыр Кытайдан келген шинжаңдык бир нече казак Казакстанда убактылуу качкын макамын алган. Алардын Шинжаңдагы «кайра тарбиялоо лагерлери» тууралуу ачык айтып чыккан экөө өткөн айда Казакстанда кол салууга кабылышкан.

Freedom House уюму 2014-жылдан бери кеминде 79 өлкөдө 608 «трансулуттук репрессияны» каттаган. Анын ичинде сыртка чыгып кеткен адамдарды өлтүрүү, уурдоо, кол салуу, камакка алуу жана мыйзамсыз депортация сыяктуу кылмыштар бар.

XS
SM
MD
LG