Ссылки доступа

АКШ президенти Алексей Навальныйды тезинен бошотууга чакырды


Камактагы орусиялык оппозиционер Алексей Навальный токтоосуз түрдө бошотулушу керек. Бул тууралуу бейшембиде Мамлекеттик департаменттин кызматкерлери менен болгон жолугушууда АКШнын президенти Жо Байден билдирди.

Байден Москва азыр дагы америкалык демократияга зыян келтирүүгө аракет кылып жатканын айтты. “Эгер өнөктөштөрүбүз менен бирге аракет жасасак, Орусияга каршы эффективдүү каршылык көрсөтө алабыз”, – деп кошумчалады президент.

Америкалык лидер Вашингтондун эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышын жандандырууга ниеттенип жатканын да белгиледи.

Буга чейин Демократиялык жана Республикалык партиянын сенаторлор тобу “Арам ниеттүү ишмердүүлүгү үчүн Орусияны жоопко тартуу” жөнүндө мыйзам долбоорун АКШнын Конгрессине жөнөткөн. Анда оппозициячыл Алексей Навальныйдын ууланышына тиешеси бар Орусиянын аткаминерлерине жана “Новичок” уулу затын иштеп чыккандарга каршы даректүү түрдө санкция киргизүү сунушталган.

44 жаштагы Алексей Навальный - Орусиянын бийлигине ачык каршы чыккандардын бири. Ал былтыр август айында Орусияда ууландырылып, эс-учу жок абалда дарыланыш үчүн Германиядагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Кийин оппозиционер «Новичок» деген уулуу зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан. Навальный жана бир нече маалымат каражаты кийинчерээк иликтөө жүргүзүп, ууландыруу боюнча операцияны Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштурушу мүмкүн экенин ашкерелеген.

Орусия Навальныйды ууландырууга катышы бар экенин четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG