"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай биринчи жолу 2019-жылы августта бул кызматка дайындалган. Кийин АКШнын глобалдык медиа боюнча агенттигинин жетекчиси Майкл Пактын чечими менен кызматтан алынган.
Жейми Флай - тышкы саясат боюнча адис. Ал АКШдагы Герман Маршалл атындагы фонддо, Конгрессте иштеген. Улуттук коопсуздук боюнча кеңеште, Коргоо министрлигинде ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.
”Эркин Европа/Азаттык” радиосу коммерциялык эмес медиакорпорация жана өзүнүн ар кандай платформадагы (Интернет, радио, телевидение, видео) берүүлөрүн дүйнөнүн 22 өлкөсүндө таратат. Корпорацияны АКШнын Конгресси каржылайт.