Ссылки доступа

Иран АКШнын санкциясынан улам мунай экспорттоодо 100 млрд доллар чыгымга учурады


Иран АКШнын санкциясынан улам мунай экспорттоодо 100 млрд доллар кирешесинен ажырады. Бул тууралуу Ирандын вице-президенти Исхак Жахангири билдирди.

Анын айтымында, АКШнын санкциясы Ислам Республикасынын экономикасына оңбогондой зыян алып келди. «Санкциялар болбогондо, иран эли мынчалык оор экономикалык абалда калмак эмес», — деди Жахангири.

Ирандын вице-президенти мунай-химиялык өнөр жайдын маанилүү экенин белгилеп, жеке сектордун өкүлдөрүн экономиканын ушул тармагына инвестиция салууга чакырды.

2020-жылы 26-сентябрда Ирандын президенти Хасан Роухани 2018-жылы АКШ санкцияларды жандандыргандан бери жалпы чыгым 150 млрд долларга жеткенин айткан.

АКШнын санкциялары Ирандын мунай өндүрүү жана банк тармагын камтыйт. 2018-жылдын 5-ноябрынан тарта Вашингтон Ирандан мунай экспорттоого жана бул өлкөнүн мунай өндүрүүчү компаниялары менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салган.

Мурдагы президент Дональд Трамп АКШны 2018-жылы Иран менен дүйнөлүк ири мамлекеттердин ортосундагы өзөктүк келишимден чыгарып, Иранга каршы санкцияларды бир тараптуу калыбына келтире баштаган.

Буга жооп иретинде Тегеран келишимдин айрым бөлүктөрүн акырындык менен бузуп, эми бул макулдашууга байланбай калгандыгын билдирген.

Вашингтондун билдирүүсүнө ылайык, АКШ катуу басым көрсөтүү менен Иранды өзөктүк куралдануу боюнча дымагынан баш тарттырууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG