Ссылки доступа

Лукашенко Мирзиёевдин пландарынан "кээде чочуй турганын" айтты


Александр Лукашенко Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин пландарынан кээде "чочуйт". Бул тууралуу ал 4-февралда Ташкенттин Беларустагы элчиси, кызмат мөөнөтү аяктаган Насиржан Юсупов менен коштошкондо айтты.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Беларус медиасына таянып кабарлагандай, Лукашенко Мирзиёев тууралуу мындай деген:

"Аны менен Өзбекстандын пландары жөнүндө сүйлөшкөнүмдө кээде коркуп кетем. Ал баарына аябай тез киришип кетпеди бекен деп ойлонуп калам".

Лукашенко Өзбекстан геосаясаттан четте калышы мүмкүн эместигине басым жасап, Мирзиёевге ишеним билдирген.

2020-жылы Беларуста өткөн, жыйынтыгы эл аралык деңгээлде дагы эле талаш бойдон турган шайлоодо өзбек президенти Лукашенкону эң биринчилерден болуп "жеңиши менен" куттуктаган.

9-августтагы шайлоодо Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко жеңип чыкканы расмий жарыялангандан кийин өлкөдө оппозициянын жана жарандык коомдун нааразылык акциялары башталган. Андан бери митингдер, жүрүштөр токтобой келүүдө. АКШ жана Европа Биримдиги Лукашенкону президент катары тааныбай турганын билдиришкен.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстанды 2016-жылдан бери башкарат. Келерки президенттик шайлоо 2021-жылдын күзүндө өтөт.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG