Ссылки доступа

«Барки точик» энергохолдинги көмүр үчүн $10 млн карыз


«Барки точик» энергохолдингине караштуу «Душанбе-2» жылуулук электр борбору 2019-жылдан бери колдонуп жаткан көмүр үчүн 10 млн доллар карыз.

«Душанбе-2» ЖЭБи жыл сайын 6 млн тонна көмүр жагат жана Тажикстан борборунун 80% электр кубаты менен камсыздайт.

«Фан-Ягноб» көмүр ишканасынын директору Фирузбек Сайфуллоев бир нече жылдан бери карызды өндүрүп ала албай жатканын билдирди. Анын айтымында, бул сумманын 6,2 млн доллары 2019-жылдагы карыз.

«Барки точик» дайыма убада берип, бирок бизге толук сумманы кайтарбай келет. Биз кызматкерлерге башка кирешелердин эсебинен айлык төлөөгө аргасыз болуудабыз. Анын үстүнө быйыл көмүрдү жер алдынан казып башташыбыз керек, бирок «Барки точиктен» акчабызды ала албай жатабыз», - деди Сайфуллоев.

«Душанбе-2» ЖЭБинин башчысы Умарали Ниёзов борбор былтыр Фан-Ягноб кенинен 29 млн долларга көмүр алганын, карызды акырындык менен төлөп жатышканын айтты.

Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, абоненттер электр кубаты жана жылуулук үчүн «Барки точик» компаниясына 267,8 млн доллар карыз.

«Душанбе-2» станциясын курууга 340 млн. доллар жумшалган, анын 331 млн. доллары Кытайдан алынган. Тажикстан карызды төлөп бүткөнгө чейин кытай тарап бул өлкөдөгү бир нече кендерди иштетүүгө укук алган.

Видео

Видео

Баекова: Аскар Акаев мага басым кылган эмес
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:45:24 0:00
XS
SM
MD
LG