Ссылки доступа

Он миңдеген кишилер Мьянмадагы төңкөрүшкө каршы нааразылык акциясына чыгышты


7-февралда Бирмада он миңдеген адамдар катары менен экинчи күнү нааразылык жыйындар өткөрүп, жакында болгон аскердик төңкөрүштү айыпташты жана шайланган лидер Аун Сан Су Чжинин бошотулушун талап кылышты.

Бул нааразылык жыйындар – 2007-жылдагы демократияга өтүүгө түрткү берген Шафран ыңкылабынан кийинки эң ири нааразылык чарасы болуп калды.

Бирмадагы аскердик хунтага каршы кеңири жайылган нааразылык чараларынын экинчи күнүндө ири шаар Янгонго чогулган калайык Су Чжи айымдын Демократия үчүн улуттук лигасынын (NLD) түсү болгон кызыл түстөгү кыска көйнөктөрдү кийип, кызыл желектерди жана кызыл шарларды көтөрүп чыгышты.

Алар “Биз аскердик диктатураны каалабайбыз! Биз демократияны жактайбыз!” деген ураандарды чакырышты.

“Мьянма” деп да аталган Бирма жумуриятындагы аскердик жетекчилик 1-февралдын таңында капысынан жарандык бийликти басып алып, өлкөнүн демократиялык нугун токтотуп салды.

XS
SM
MD
LG