Ссылки доступа

Тажикстанда өлкөдөн чыгууга тыюу салынган жарандардын тизмесине дагы 300 киши кошулду


Тажикстанда 2020-жылы карызынан улам өлкөдөн чыгууга тыюу салынган жарандардын тизмесине дагы 300 киши кошулуп, жалпы саны 2 600гө жетти. Бул тууралуу тажик өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, тизмедеги жарандардын көбү банктарга, алимент жана келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланышкан карыздарын төлөгөн эмес. Алардын арасында жүздөн ашык жеке компаниялардын жетекчилери да бар.

Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Назиржон Насими өлкө ичинде бересеси бар жарандарды сыртка чыгарбоо — алардын жоопкерчилигин жогорулатат деп эсептейт. Анын айтымында, буга чейин айрым жарандар чет өлкөгө чыгып кетип, карызын төлөбөй койгон учурлар көп катталган.

Ал ортодо алимент боюнча карызы бар жарандардын көбү пандемия шартында мындай чаралар туура эмес деп эсептешүүдө. «Мен расмий түрдө эч жерде иштебейм. Жалгыз киреше булагым Орусияга барып иштеп келүү болчу. Бирок азыр чек аралар ачылса да бизди сыртка чыгарышпайт. Өлкө ичинде ичип-жегенге гана акча табууга болот. Эки балама алимент төлөй албай жүрөм. Эмне кыларымды билбей турам», — деди Согди облусунун тургундарынын бири.

2018-жылы президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Жазаларды аткаруу кызматынын бул тизмесине жарандар тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтарынын жана сот чечимдеринин негизинде киргизилет.

Видео

Видео

Баекова: Аскар Акаев мага басым кылган эмес
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:45:24 0:00
XS
SM
MD
LG