Ссылки доступа

Тажикстандын Жогорку соту: жети жылга соттолгон 80 жаштагы карыянын күнөөсү далилденген


Тажикстан Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён
Тажикстан Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён

Тажикстанда жети жылга эркинен ажыратылган 80 жаштагы Дониёр Набиевдин күнөөсү сотто далилденген. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён билдирди.

«Набиев өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» чет мамлекеттердеги активисттеринен акча алып, партиянын соттолгон мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө берип турган. Бул сотто далилденген. Анын жаш курагы кылмыш жоопкерчилигинен куткарбайт», — деди Шохиён.

Ал сот өкүмү боюнча Набиевдин адвокатынын Жогорку сотко жазган апелляциялык арызы жакында карала турганын кошумчалады.

80 жаштагы Дониёр Набиев 2020-жылы августта кармалган. Декабрдын аягында «Ислам кайра жаралуу партиясынын» камактагы мүчөлөрүнүн жакындарына «материалдык жардам бергени үчүн» жети жылга соттолгон. Бул иш боюнча сот жараяны жабык өткөн. Азырынча Набиевдин күнөөсүн мойнуна алган-албаганы белгисиз.

Январдын башында Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нобиев «үчүнчү өлкөлөр аркылуу кээ бир мамлекеттердин атайын кызматтары бөлгөн каражатты алып, экстремисттик идеяларды таратуу, ошондой мазмундагы адабият сатып алуу, жаштарды жихадчы топторго тартуу үчүн коротконун» билдирген.

20-январда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму тажик бийлигин Дониёр Набиевди тез арада бошотууга чакырып, алкайрымдуулук иштерди жасаганы үчүн соттолгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG