Ссылки доступа

Нетаньяху сотто коррупция боюнча айыпты четке какты


Биньямин Нетаньяху соттук угуулардын алдында. Иерусалим шаары, 8-февраль 2021-жыл
Биньямин Нетаньяху соттук угуулардын алдында. Иерусалим шаары, 8-февраль 2021-жыл

8-февралда Иерусалим шаарында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун иши боюнча соттук угуулар башталды. Ал коррупцияга жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга айыпталып жатат.

Отурумда Нетаньяху тагылган айыптарды четке какты. Ал күн мурун коронавируска байланыштуу тарапташтарын сотко келбөөгө чакырган.

Премьер-министрдин каршылаштары сот имаратынан алыс эмес жерде нааразылык акциясын өткөрүштү.

Нетаньяхуга 2019-жылы ноябрда жемкорлук, көз боёмочулук жана коомдун ишенимин жоготуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Быйыл мартта Израилде акыркы эки жылдын ичинде төртүнчү жолу кезексиз парламенттик шайлоо өтөт. Биньямин Нетаньяху жетектеген бийликтеги «Ликуд» партиясы менен оппозиция дээрлик бирдей добуш алып, өкмөттү түзө албай келишет.

Нетаньяху премьер-министрлик кызматта 11 жылдан бери иштеп келет — бул өлкө тарыхында бир адам мамлекетти башкарган эң узак мөөнөт болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG