Ссылки доступа

Тажикстанда пневмониядан каза болгон 8 кишинин жакындары камсыздандыруу боюнча компенсация алды


Шахрат Максудзода
Шахрат Максудзода

Тажикстанда пневмониядан каза болгон сегиз кишинин жакындары камсыздандыруу боюнча компенсация алышты. Бул тууралуу «Тажиксугурта» мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын башчысы Шахрат Максудзода билдирди.

Анын айтымында, компенсацияны алты мамлекеттик ишмердин жана эки аскер кызматкеринин туугандары алышты. «Мамлекеттик ишмерлердин жакындары камсыздандыруу боюнча сегиз айлык маяна өлчөмүндө, аскер кызматкерлеринин туугандары 6 миң сомони (530 доллар) өлчөмүндө компенсация алышты», — деди Максудзода.

«Тажиксугуртанын» башчысы өлкөнүн «Камсыздандыруу тууралуу» мыйзамына коронавирустан камсыздандыруу боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенин кошумчалады. Камсыздандыруунун бул түрү мамлекеттик аткаминерлер менен аскер кызматкерлери үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги 7-февралга карата өлкөдө коронавирус жуктургандар 13 308ге жетип, 90 бейтап каза болгонун билдирген.

Бирок бул маалыматтарга жарандардын баары эле ишене беришпейт. Социалдык түйүндөрдөн топтолгон бейрасмий маалыматтарга ылайык, 2020-жылы коронавирустан кеминде 450 тажикстандык көз жумган.

Тажикстанда 20га жакын камсыздандыруу компаниясы иштейт. Алардын экөө — «Тажиксугурта» менен «Тажиксармоягузор» мамлекеттик болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG