Ссылки доступа

Премьердин эки ача билдирүүсү талкууга түштү (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Премьердин эки ача билдирүүсү талкууга түштү. 8-февралда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында премьер-министр Улукбек Мариповдун Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы боюнча айткан сөзүнө каршы пикет өтүүдө. Анын катышуучулары өкмөт башчысынан айткан сөздөрү үчүн коомчулуктан кечирим сурап, түзөтүү айтуусун талап кылышууда. 3-февралда парламентте өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып аталган суу сактагычына кирген каналдын башы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айткан. Кийин премьер-министр Улукбек Марипов расмий видеокайрылуу таратып, Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына байланыштуу анын сөзү бурмаланып кеткенин билдирген. (видео)

- Бир жыл мурун Кордайда болгон жаңжалдын төркүнү эмнеде? (Настоящее время)

- "Жашыруун мөөрдүн астындагы Конституция". Кыргызстан кантип президенттик өлкөгө айланууда? (Настоящее время)

- Орусияда нааразылык акцияларынын катышуучуларын кантип аңдышууда? (видео Директ)

- Шабдан - мекенчилдер айылы. Чоң Кемин өрөөнүндөгү Шабдан айылы бир жылдары “Новая Россия” деп аталып, анын калкынын 80% орустар түзгөн. Ушул тапта бул чакан айылда кыргыздар менен жуурулушуп калган он чакты орус үй-бүлө жашайт. (видео)

- «Жүрөктөгү бороон. Акындын бир күнү» сахнада. «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» аттуу ырлардын автору, белгилүү акын, журналист, маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүр-таржымалы тууралуу пьеса театрда даярдалууда. (видео)

- Азия 360°: Шахрихандын бычактары. (Настоящее время)

- Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында нааразылык акциясы өттү. Катышуучулар Шинжаңда камакта отурган жакындарын бошотууну талап кылышты. (видео)​

- Казакстан бейөкмөт уюмдарга эмне үчүн айып пул салууда? (Настоящее время)

- Польшалык журналист Өзбекстанда ТИМ кызматкери асылганын айтып чыкты. (Настоящее время)

- Эмнеге тажикстандыктар акыйкатчыга нааразы? (Настоящее время)

- Макс Бокаев: «Назарбаев Конституцияны даарат кагазына айлантты». (Казакстандан видео)

- «Чет өлкөлүк диверсия». Федералдык ЖМКлар «Путиндин хан сарайы тууралуу» иликтөөгө жооп беришти. (видео)

- «Гранфлюэнсерлер»: соцтармактардагы 70 жаштан ашкан колдонуучулар. (видео)

- Бриллиант клондор: Нью-Йорктун жашоочусу Жон Хатлеберг эң баалуу бриллиант таштардын көчүрмөсүн жасайт. (видео Директ)

- Белгилүү өзбек бийчиси америкалыктарга пандемия учурунда «Лязги» бийин үйрөтүүдө. (видео)

- Саакашвили: Кыргызстан мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбашы керек. Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Реформалар боюнча улуттук кеңешинин аткаруу комитетинин башчысы Михаил Саакашвили «Азаттык» радиосуна эксклюзивдүү маек курду. (видео)

- Макс Бокаев деген ким? Казакстанда 2016-жылы жер маселесине байланышкан митингдерден кийин беш жылга соттолгон активист Макс Бокаев эркиндикке чыкты. (Казакстандан видео)

- COVID-19га каршы эмдөө: мамлекеттик келишимдер Дарига Назарбаеванын кудасынын колундабы? Казакстанга коронавируска каршы вакцинаны өлкөдөгү эң таасирдүү үй-бүлөнүн мүчөсүнө таандык компания жеткирет. (видео)

- «Араб жазындагы» жана азыркы нааразылыктардагы социалдык түйүндөрдүн ролу. (видео)

- Москвадагы мигранттар эмдөөгө даярбы? (видео)

- Геленжиктеги хан сарайдын ээси экенин билдирген Аркадий Ротенберг деген ким? (видео)

- Үйүндө самын жасаган сузактык ишкер. Амантур Исраил уулу Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашайт. Мурда Орусияда миграцияда жүргөн жигит, азыр өзү жасап алган станок менен күнүнө миңдей самын чыгарат. (видео)

- Аутизм менен жабыркаган кишилерди сулуулаган чач тарач. (Тажикстандан видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG