Ссылки доступа

Казакстанда мунай компаниясынын иштен алынган кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты


8-февралда Казакстанда «Биккора» компаниясынын ондон ашык мурдагы кызматкери иштен мыйзамсыз алынганын айтып нааразылык акциясына чыгышты.

Актөбө облусундагы Жанажол мунай кенинде клининг кызматтарын көрсөткөн «Биккор» компаниясынын жумушчулары февралдын башында айлык акыны 100% жогорулатуу талабы менен иш таштагандан кийин жумуштан алынган.

— Биздин абалды эч кимдин түшүнгүсү келген жок. Эмгек инспекциясы тарабынан эч кандай жардам жок. Арыз жазсаңар текшеребиз деп айтышты. Бирок алардын жакшылап текшереринен күмөн санап жатам, анткени өкмөткө ишенбейм», — деди компаниянын Нуржан Шамшиев аттуу мурдагы кызматкери.

Буга чейин компаниянын жетекчилиги кендин аймагындагы тазалык үчүн жооптуу болгон кызматкерлер мунайчылардыкындай айлык берүүнү каалап жатканын билдирген.

2-февралда «Биккор» компаниясынын 20га жакын кызматкери айлыкты жогорулатуу талабы менен иш таштаган. Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеодо алардын бири: «Айлыгыбызды жок дегенде 100 миң теңге кылгыла! Мен бул жерде он жылдан бери иштеп, 55 миң теңге алам», — деген.

Жанажол мунай кенин «СНПС-Актобемунайгаз» компаниясы иштетет. Өз кезегинде ал Кытайдын мамлекеттик CNPC ири компаниясынын туунду ишканасы болуп эсептелет.

Январда Актөбө облусунда «КМК Мунай» жана «АМК Мунай» компанияларынын жумушчулары эмгек шарттарын жакшыртууну жана айлыкты жогорулатууну талап кылып иш ташташкан. Алар жумуш берүүчү талаптарын аткарууга убада бергенден кийин иш орундарына кайтышкан.

XS
SM
MD
LG