Ссылки доступа

Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды


Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 9-февралда "Азаттык" радиосуна Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев кабарлады.

Узакбаевдин айтымында, алардын ичинен 15инин диагнозу такталды:

"Тилекке каршы, жайында коронавирус менен симптомсуз, жеңил формада ооруп, суук түшкөндө постковиддик синдромго чалдыккан балдар болууда. Алардын арасында Кавасаки синдрому менен ооругандарды да бар. Бактыга жараша, баары оорудан айыгып чыгууда".

9-февралга карата өлкөдө 150дөн ашуун бала ооруканада пневмония диагнозу менен дарыланууда. Алардын жыйырмадан ашууну оор абалда.

XS
SM
MD
LG