9-февралда пикетке чыккандар туугандарынын сүрөттөрүн жана казак, англис, кытай тилдеринде талаптары жазылган кагаздарды кармап турушту. Алар «Атасыз калган балдар», «Экиге бөлүнгөн түгөйлөр» деген ураандарды чакырып жатышты.
Нааразылыкка чыккандардын бири, 74 жаштагы Саркытхан Кызырхан кызы Казакстанда жашоого уруксаты бар уулун Кытай төрт жылдан бери чыгарбай жатканын, азыр андан кабары жок экенин билдирди.
Алматы шаар бийлигинин өкүлү пикетчилер менен жолугуп, алардын топтолушу мыйзамсыз экенин айтты.