Ссылки доступа

Ташкент милициясы «Малика» базарында сакал коюуга каршы рейд өткөнүн төгүндөдү


Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгы калаадагы базарларда сакал коюп, намаз окуган ишкерлерге каршы рейд жүрүп жатат деген маалыматты четке какты.

Башкармалык уурулук фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө иштери жүргөнүн гана билдирди.

9-февралда «Малика» базарынын соодагерлери түшүндүрүү иштеринин алкагында милиция кызматкерлери алардын сакалын алууга мажбурлаганын кабарлашкан.

«Малика» технорыногунда мындай рейд биринчи жолу өтүп жаткан жок. 2019-жылы укук коргоо кызматкерлери сакалчан ондогон кишини кармап кетишкен. Милиция бөлүмдөрүнө алдын ала чач тарач чакыртылып, ишкерлер сакалын алдыргандан кийин гана бошотулган. Бул окуя соцтармактарда катуу сынга алынган.

XS
SM
MD
LG