Ссылки доступа

Тажикстан Төрткүл суу сактагычы боюнча билдирүү таратты


Тажикстан кыргыз тарапты чек ара маселелери боюнча билдирүү жасоодо этият болууга чакырып, такталбаган маалымат чек арадагы абалдын туруктуулугун бузушу ыктымалдыгын билдирди.

10-февралда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтына кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жарыяланып, ортодогу тилкенин делимитация жана демаркация иштери бүтө электиги, сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгиленди.

Тажик тарап жакында Жогорку Кеңештин депутаты Төрткүл суу сактагычынын башаты Тажикстанга өтүп кеткени тууралуу айтканын, эл аралык укук нормалары боюнча ал тилке делимитация боло элек деп эсептелерин жана бүгүнкү күндө кайсы бир талаш жерди өткөрүп берүү тууралуу сөз жок экенин жазды.

3-февралда премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып «Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын да, тилекке каршы, алдырыптырбыз. Мен бул боюнча да тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар» деген.

4-февралда депутат Тазабек Икрамов «Бул суу сактагычтын биз үчүн стратегиялык мааниси зор. Премьер-министрдин сөзүнө ишенсек, иш чатак жагына айланат. Ошондуктан дал ушул маселе боюнча тийиштүү комитеттерге тапшырма берилип, Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын жабык уксак. Эгер оор жагдайда карала турган болсо анда тез арада депутаттык комиссия түзүшүбүз керек» деп айткан.

Ошол эле күнү кыргыз өкмөтү Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү экенин маалымдаган.

8-февралда премьер-министр Улукбек Марипов расмий видеокайрылуу таратып, анын Төрткүл суу сактагычына байланыштуу сөзү бурмаланып кеткенин билдирген.

Төрткүл суу сактагычы Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен тилкесинде жайгашкан. Ал 11 миң гектар жерди суу менен камсыз кылат.

Кыргыз тарап Тажикстандын 10-февралдагы билдирүүсүнө жооп бере элек.

Видео

Видео

Дубалга жан киргизген Иса
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:37 0:00
XS
SM
MD
LG