Министрдин айтымында, бирок айрым аймактарга газ жеткирилсе да куурлардагы газдын басымы жетишсиз болот.
«Бул экономикалык, менталдык жана идеологиялык көз караштардан улам жаралган системалык маселе. Ошондуктан жакынкы жылдарга карата биздин башкы урааныбыз энергоэффективдүүлүк болушу керек», — деди ал.
Министр ар бир үйдө балдарды кичинекей кезинен баштап сууну жана электр энергиясын үнөмдөөгө үйрөтүү керек деп эсептейт.
«Өзбекстандагы ишканалар менен уюмдардын 70% электр энергиясын үнөмдөбөгөн жабдуулар орнотулган. Ишканалар менен турак үйлөргө электрди үнөмдөй турган жабдуулар орнотулганда гана өлкө керектөөнү кеминде 3-4 эсе төмөндөтө алат», — деди министр.