Ссылки доступа

Сот Макс Бокаевди административдик көзөмөлгө алуу тууралуу өкүмдү күчүндө калтырды (видео)


Атырау облустук сотунун Апелляциялык коллегиясы жарандык активист Макс Бокаевди административдик көзөмөлгө алуу тууралуу өкүмдү жокко чыгаруу боюнча адвокат Жанар Сундеткалиеванын өтүнүчүн четке какты.

— Макс Бокаев соттолгон беренелердин бири экстремизмге байланыштуу болгон. Ошондуктан сот аны административдик көзөмөлгө алуу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү. Адвокат өз арызында көрсөткөн жүйөлөр Бокаевдин иши үчүн жетишсиз, — деди судья Дина Тухфатова.

Соттун бул чечими дароо күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт.

— Мен өз оюман кайтпайм. Буга чейин сот отурумдарда да күнөөм жок экенин, саясий негиздер менен камалганымды айткам. Ошондуктан 2016-жылы чыккан өкүмдү да, административдик көзөмөлгө алуу тууралуу азыркы чечимди да тааныбайм, — деди Макс Бокаев.

Активистти абактан чыккандан кийин үч жыл административдик көзөмөлгө алуу боюнча чечимди Атырау шаардык соту 22-январда кабыл алган. Дээрлик беш жыл түрмөдө отурган Бокаев 4-февралда эркиндикке чыккан.

Казакстанда 2016-жылдагы жер маселесине байланышкан митингдерден кийин кармалган 48 жаштагы Бокаев «Социалдык кастыкты козутуу», «Жалган маалымат таратуу» жана «Митингдер тууралуу мыйзамды бузуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары менен Казакстандагы активисттер Макс Бокаев эркиндикке чыгышы керектигин айтып келишкен. Аны укук коргоочулар саясий туткундардын тизмесине киргизишкен..

Видео

Видео

Президенттин корукта катылган хан сарайы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00
XS
SM
MD
LG