Ссылки доступа

Тажикстанда Борбор Азиядагы эң ири тоок фабрикасы курулууда


Тажикстандын Дангара районунда Борбор Азиядагы эң ири тоок фабрикасы курулуп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри Сулаймон Зиезода билдирди.

Анын айтымында, «Авесто груп» компаниялар тобу куруп жаткан фабрикада жылына 5,5 миң тонна тоок эти өндүрүлөт деп күтүлүүдө.

«Өткөн жылдарга салыштырмалуу өлкөдө тоок фабрикалары кыйла көбөйдү. Бүгүнкү күндө калктын тоок этине болгон суроо-талабы дээрлик канааттандырылды», — деди министр.

2018-жылы президент Эмомали Рахмон тоок өстүрүү ишканаларына жабдууларды импорттогон компанияларды салыктардан жана бажы төлөмдөрүнөн бошоткон. Өкмөт бийликтин бул чечиминен кийин өлкөдө тоок фабрикалары көбөйгөнүн кабарлаган.

Учурда Тажикстандагы 181 фабрикада 9 миллионго жакын тоок бар. Өткөн жылы аларда 30,6 миң тонна тоок эти өндүргөн. Бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 1,9 эсеге көп. Ошол эле маалда 2020-жылы чет өлкөлөрдөн алып келинген тоок эти мурдагы жылдарга салыштырмалуу 16 миң тоннага азайган.

Былтыр Тажикстандагы тоок фабрикалар 983 миллион даана жумуртка өндүрүшкөн. Өлкө калкынын суроо-талабын толук канааттандыруу үчүн жылына 1,6 миллиард даана жумуртка талап кылынат.

XS
SM
MD
LG