Маалыматка караганда, прокурорлор Трамптын аймактагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аракет кылып, штаттын мамлекеттик катчысына телефон чалганы боюнча тергөө жүргүзүшөт. Бул үчүн аймактык прокурор мурдагы президенттин телефондук чалуусуна байланышкан документтерди жакшылап сактоо өтүнүчү менен штаб жетекчилигине кат жолдоду.
Жергиликтүү прокуратура Трамп телефондук сүйлөшүүдө мамлекеттик катчыга басым жасап, өз жеңиши үчүн жетиштүү добуш «таап берүүнү талап кылган» деп билдиришүүдө.
2020-жылы 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо азыркы президент Жо Байден 12 миңден ашуун добуш көбүрөөк алып, Жоржия штатында Трампты уткан.
Бүгүнкү күндө 20-январда президенттиктен кеткен Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси Сенатта каралып жатат.
Демократтар жана аларды колдогон айрым республикачылар тарабынан 6-январдагы Капитолийдеги тополоңго Трамп тарапташтарын шыкактаган деген айып тагылууда. Мурдагы президенттин адвокаттары мындай доону четке кагып жатышат.