Маалыматка караганда, Өзбекстанда эки компаниянын катышуусунда Digital Holding биргелешкен ишканасы түзүлөт. Ага өлкөнүн телекоммуникация рыногундагы лидери Ucell, USM – CRPT Turon менен ICS Holding Uzbekistan кирет.
Орусия биргелешкен ишканага 100 миллион доллар инвестиция салары күтүлүүдө. Digital Holding ишканасынын 51% акциясына орусиялык компаниялар, 49% мамлекеттик акцияларды башкаруу агенттиги ээлик кылат.
Ucell — өзбек мобилдик байланыш оператору. Соңку эки жылда ал 8 миллион абоненти менен Өзбекстандын уюк байланыш рыногунда лидер аталган.