Абдуллаевдин айтымында, Раматовдун кеңешчисимин деген киши телефон чалып, Раматовдун имиджин жакшыртуу боюнча штаб түзүлгөнүн билдирип, ар жума сайын бул штабга алдын ала бекитилген тема боюнча маалымат берип турууну тапшырган.
Бунёд Абдуллаев шайлоо жакындап келе жатканын эске алуу менен бул тапшырманы аткаруудан баш тартканын кошумчалаган.
Өзбекстанда Экология боюнча мамлекеттик комитети жана Өзбекстан Министрлер кабинети Бунёд Абдуллаевдин иштен алынышы жана анын жогорку кызматтагы аткаминер туурасында жергиликтүү басылмаларга курган маеги боюнча комментарий бере элек.