Ссылки доступа

Өзбекстан ИИМи блогер Отабек Сатторинин ишин талкуулагандар жоопкерчиликке тартылышы ыктымал экенин эскертти


 Отабек Саттори
Отабек Саттори

Өзбекстан ИИМи блогер Отабек Сатториге каршы кылмыш иши козголгону жөнүндө туура эмес маалымат тараткан активисттерге эскертүү берди.

Министрликтин басма сөз катчысы Шохрух Гиясовдун айтымында, “Коомдук көзөмөл жөнүндө” мыйзамга ылайык, коомдук көзөмөл субъектилери мамлекеттик органдарын ишине негизсиз кийлигишип, таасир бере албайт. “ЖМКлар жөнүндөгү” мыйзам боюнча тергөө органдарынын материалдарын жарыялоого, соттун чечимин алдын ала божомолдоого тыюу салынат.

Буга чейин Отабек Саттори 30-январь күнү Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шектелип кармалганы кабарланган.

Тергөө аяктаганга чейин камакка алынган блогер бул айыптоолор боюнча күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

40 жаштагы Саттори Telegram жана YouTube каналдары аркылуу ”Эл пикири” деген видеоблог алып барат. Ал Сурхандарыя облусунун башчысы Туру Боболовду кескин сындап жүргөнү менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG