«Озодлик» радиосу кабарлагандай, окуя 9-февралда болгон. Атын атагысы келбеген жигиттин айтымында, заводдун алдына 20 миңдей киши топтолгон.
–Хазарасп, Шават, Багат жана Хивадан келген кишилер жумушка орношобуз деген үмүт менен жөөлөшүп, түртүшүп имараттын алдында турушту. Завод жабык болгон, чогулгандардын эч кимиси ичкери кире алган жок, имараттан да эч ким чыккан жок. Андан соң укук коргоо кызматкерлери менен акимчиликтен келишип, «бул жерде туруу пайдасыз экенин, баары бир мынча киши ишке алынбай турганын» айтышты. Мындан кийин чогулгандар таркап кетишти, – деди жигит.
«Артель» – Өзбекстанда тиричилик техникалары менен электроника өндүргөн монополист компания.
Өзбекстандын Эмгек министрлиги билдиргендей, өлкөдө экономикалык жактан активдүү жарандардын арасында жумушсуздуктун деңгээли 13% түзөт.