Ссылки доступа

Өзбекстанда үйү түрттүрүлгөн жарандардын 55% компенсация ала элек


Өзбекстанда үйү түрттүрүлгөн жарандардын 55% мамлекеттен компенсация ала элек. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өкүлү Абдурахим Мухиддинов брифинг маалында билдирди.

— 2020-жылдын 1-январына карата үйү түрттүрүлгөн жана жер тилкеси мамлекеттин пайдасына алынган жарандарга төлөнүп берилиши керек болгон компенсация көлөмү 443 миллиард сумду түзгөн. Өткөн жылы тиешелүү мекемелер бул сумманын болгону 202 миллиард сумун төлөп беришкен. Тактап айтканда, кыймылсыз мүлк ээлеринин 45% гана компенсация алган, — деди Мухиддинов.

Анын айтымында, 151,5 миллиард сум (14,4 миллион доллар) өлчөмүндөгү компенсация накталай акча түрүндө төлөнсө, 10,7 миллиард суму (1,1 миллион доллар) жер тилкеси, 39,2 миллиард суму (3,7 миллион доллар) башка мүлк менен берилген.

Ошол эле маалда аймактардагы акимчиликтердин үйлөрдү бузуу тууралуу 196 токтомунун ичинен 76сы же 39% боюнча компенсация төлөнүп берилген эмес.

XS
SM
MD
LG