Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик тобу вакцинанын каттоо досьесинин материалдары менен таанышып чыгып, анын коопсуздугу, сапаты жана натыйжалуулугу тууралуу корутундусун 13-февралда чыгарган.
Казакстан «Спутник V» вакцинасын өз аймагында колдонуу үчүн жактырган дүйнөдөгү 27чи өлкө болуп калды. Бүгүнкү күндө бул вакцина Орусиядан тышкары Беларуста, Аргентинада, Сербияда, Алжирде, Парагвайда, Түркмөнстанда, Венгрияда, БАЭде, Иранда жана башка өлкөлөрдө каттоодон өткөн.
Казакстанда калкты «Спутник V» менен жапырт эмдөө иштери бул вакцина өлкөдө каттоодон өтө электе, 1-февралда башталган.
Караганды фармацевтикалык комплекси февралдын аягына чейин 90 миң доза «Спутник V» вакцинасын өндүрөт деп күтүлүүдө.