Ссылки доступа

Тажикстанда майнинг-ферма иштеткен төрт киши кармалды


Тажикстандын Согди облусунда майнинг-ферма иштеткен төрт киши кармалды. Бул тууралуу 12-февралда өлкөнүн Салык кызматынын облустук башкармалыгынын бөлүм башчысы Исроил Наимов билдирди.

Анын айтымында, кармалгандар майнинг-фермадан түшкөн киреше боюнча салык төлөөдөн качууга айыпталууда. Мындан тышкары алар биткоин криптовалютасын чыгаруу үчүн колдонулган миң киловатт саат электр энергиясы үчүн акы төлөшкөн эмес.

«Кармалгандардан 234 компьютер, эстутум карталары жана криптовалюталарды чыгаруу үчүн зарыл болгон башка жабдуулар алынды. Ар бир жабдуу күнүнө 40 долларлык криптовалюта иштеп чыгып турган. Бул жабдуулардын баары интернет жана электр энергиясы менен иштегендиктен, кармалгандарга карата электр энергиясын уурдоо боюнча да кылмыш иши козголду», — деди Наимов.

Тажикстанда криптовалюта чыгарууга расмий уруксат берилген эмес, ошол эле маалда тыюу да жок. Буга байланыштуу майнинг-ферма иштеткендер арасат абалда болуп келишет.

2018-жылы январда Тажикстандын Улуттук банкы криптовалюта өлкөдө расмий алмашуу жана төлөм каражаты болуп эсептелбей турганын эскерткен.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG